ПРЕМЬЕР-МИНИСТР НАРЫНДЫН ЭЛИНЕ, ЖЕРИНЕ, ТАРЫХЫНА ЖАНА КЕЛЕЧЕГИНЕ БИЙИК БААСЫН БЕРДИ.

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине катышкан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаарына, жалпы эле Теӊир Тоо жерине, элине болгон сый-урматын билдирип, жакшы тилегин арнады. Ал нарындыктарды сыймыктандырган, келечекке болгон позитивдүү кɵз карашын ойготкон, жагымдуу энергия тартуулаган таасирдүү сɵз сүйлɵдү.

Ѳз кебинде Ѳкмɵт башчысы кезегинде кичинекей кыштакчадан башталган шаарыбыз бүгүн ɵнүгүү жолуна түшүп, жалан эле бир облустун эмес экономиканын бир тармагын сүйрɵй турган шаар болуп калыптанганын, археологиялык жана тарыхый маалыматтарга таянуу менен бүгүн 150 жылдыгын белгилеп жаткан шаарыбыздын тарыхы тээ байыркы доорлорго барып такалаарын баян кылды.

-Нарын шаарынын тарыхы батыш менен чыгышты байланыштырып, эл менен маданияттарды байыткан улуу Жибек жолунда жатат. Ашуусу бийик тоолордон ашып, арып келаткан кербендер үчүн Таш-Рабат, Кошой-Коргон сыяктуу уникалдуу курулуштар социалдык багыттагы ɵтɵ маанилүү түйүн болгонун баарыбыз сезип турабыз.

Кыргыздардын бири эренге, бири кереӊге кеткенде адамдан ашыкча олуя, акылы тереӊ карыя, теӊдеши жок балбан абабыз Кошой карыя жети ɵзɵндɵй Нарын жерин асылган жоого бастырбай сактап келгени бар. «Коргонду кɵздɵй баралы, конуп кепке каналы» деп Нарын жергесине кыргыздын мыктылары келип кеӊеш курган жер болгон. Мына ушулардан улам Тенирим сүйгɵн Теӊир Тоо элинде байыркы кыргыздын түпкүлүгү, нукуралыгы таза сакталып калгандыгы менен сыймыктанууга болот,-деп белгиледи.

Муну менен катар Мухаммедкалый Абылгазиев Теӊир Тоо жергесинен чыккан чыгаан инсандардын атын атап: Тайлак баатыр, Тыныбек, Сагынбай, Молдобасан, Актан сыяктуу манасчылар, Калыгул, Арстанбек, Боогачы, Казыбек, Тоголок Молдо сыяктуу акындар, айжаркын сулуу Ак Мɵɵр, Кожомкулдай балбан, Куйручуктай куудулдар чыкканын даӊазалады.

Совет мезгилинде Муса Баетов, Муратбек Рыскулов, Мидин Алыбаев, Жумамүдүн Шералиев, Эсенгул Ибраев сыяктуу жана башка жылдызы жанган агаларыбыз, эжелерибиз ɵсүп чыкканын, ал эми Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз саясатынын патриархы, чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин мамлекетке жасаган ак эмгеги, адамдык бийик сапаты баарыбызга сабак, урпактарга үлгү болоорун, Нарындан дагы канчалаган мыкты адамдар, Социалисттик эмгектин, Советтер союзунун баатырлары, кыргыздын биринчи генералдары, беделдүү инсандары, абройлуу окумуштуулар, ишкерлер, мугалимдер, врачтар, учкучтар ɵскɵнүн айтты.

-Тоолуу Нарын жергесинде мейманга сыйчыл, сɵзгɵ чынчыл эмгекти сүйгɵн жана достукка күйгɵн карапайым адамдар жашайт. Климаттын оор шартында суукка тоӊуп, кыштын 7 айга созулганына карабастан окуп, иштеп. жашап, мамлекеттин ɵсүшүнɵ зор салымдарын кошуп келаткан Нарын элинин каармандыгына таазим этебиз!,-деди.

Ошондой эле Ѳкмɵт башчысы Нарын шаары Муратбек Рыскулов атындагы атагы алыска кеткен драма театры, Жумамүдүн Шералиевдин ысымын алган республикалык деӊгээлдеги искусство мектеби менен бүгүн жана келечекте маданияттын башаты, очогу бойдон кала берээрин белгиледи.

-Нарындын дагы бир сыймыгы бул атактуу Чкалов мектеби. Владимир Филиппович Унгефух 30 жыл жетектеген бул мектеп Ата Мекенибиздин маданиятына, экономикасына, тарыхына эмгеги сиӊген далай инсандарды чыгарган. Ушулардын ичинен кийинки тарыхыбыздагы мамлекеттин эки башчысы ушул мектептен чыккан. Бул дагы биз үчүн абдан соӊ сыймык деп эсептейм.

Келечекте облустун, шаардын интеллектуалдык потенциалын арттыруу боюнча кластер иштеп чыгалы деп атабыз. Биз бул тууралуу мэр менен да иштеп атабыз. Нарын шаарында 8 ай бою кыш болот. Мал баккандан башка эчтеке жок деген түшүнүктɵн кетишибиз керек деген ойдомун. Себеби Борбордук Азия университетин, Нарын мамлекеттик университетин келечектеги эң алдынкы окуу жайларга айлантуу керек деген түшүнүк Ѳкмɵттүн чечиминде да турат. Ѳзгɵчɵ заманбап технологияларды окутуу, программисттерди иштетүү боюнча Нарын шаарында мүмкүнчүлүк абдан чоӊ деп ойлойбуз. Нарын шаары келечекте илимдин жана билимдин борбору болот,-деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Региондорду ɵнүктүрүүдɵ Нарын шаары таяныч шаар катары киргенин, шаарды ɵзгɵчɵ үлгү боло турган борбор кылууга Ѳкмɵт да күч аракетин жумшап жатканын белгилеп, Нарынга кирип келаткан жол 10 миллион долларга ремонттолуп жатканын, Түндүк-Түштүк темир жолунун 60 пайыздан ашыгы Нарын облусунун территориясынан ɵтɵɵрүн айтты.

Акыркы жылдары Нарын шаарында кɵп кабаттуу турак үйлɵр, медициналык мекемелер, мектептер, соода түйүндɵрү жана башка ири социалдык обьектилер, кызматтык ипотекалык үйлɵр салынып жатканын белгилеп, жаӊы жумуш орундарын түзүүгɵ, чакан жана орто ишкердикти ɵнүктүрүүгɵ аракеттер болуп жатканын билдирип, жакында сүт заводу курулаарын кабарлады.

Нарын шаарынын климаты Швейцариянын Женева шаарына окшош болгондуктан Женевадагыдай шаарды үстүнɵн кɵрɵ турган жай куруучу ишкерди колдоо керектигин билдирди.

-Союз убагында аӊ-сезимибизге сиӊип калган «Нарын бул чет жак, малдан башканы ɵнүктүрүүгɵ болбойт» деген түшүнүктɵн кетишибиз керек. Географиялык жактан эӊ ыӊгайлуу абал Нарын шаарында. Себеби 1,5 миллиард калкы бар Кытай менен достук мамиленин дарбазасы Нарын. Индия менен соода-сатык, достук мамиленин дарбазасы да Нарын. Экономикалык рычагдын кɵбү Нарында. Жакында Нарын шаары айыл чарба продукцияларын ɵндүрүү боюнча жаӊы технологиялар орношкон, туризм тармагы ɵнүккɵн шаар болот деп ойлойм. Нарын шаарынын статусу бийиктейт. Жакында Нарын шаары ɵзгɵрүүнүн, ɵсүүнүн мекени болот.

Урматтуу мекендештер, келечектин пайдубалын бүгүн түптɵп жатабыз. Келечек ынтымакка, күжүрмɵн аракетке, жаратман эмгекке, бекем тартипке жана Нарын элиндей кеӊ пейилдикке жараша болот. Бийик тоолорду туруктаган элдин кыялы да, ой-тилеги да бийик. Ошол бийик максаттардын ишке ашышына бардыгыбыз тилектешпиз. Касиеттүү Теӊир Тоонун калыӊ журтун Нарын шаарынын 150 жылдык мааракеси менен чын жүрɵгүмдɵн куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, тынчтык, ынтымак жана бакубатчылык тилейм. Нарын шаары келечекке карай ишенимдүү кадам таштай берсин! Кыргызстаныбыз гүлдɵп ɵсүп элибиз ынтымакта, биримдикте болсун,-деген тилеги менен сɵзүн жыйынтыктады.

Ѳкмɵт башчысы Нарын шаарына майрамдык белек катары 100 миӊ сомдун сертификатын тапшырды.

Мындан соӊ Ала-Тоо стадионунда даярдалган майрамдык оюн-зоок программасына катышып, ал жерден да каалоо-тилегин айтып, «Нукура» фестивалы менен таанышты.

Ѳкмɵт башчысынын мааракеге катышып, Теӊир Тоого бийик баа бергени чоӊ сыймык. Журт башчыларынын, келген меймандардын тилеги кабыл келип, Нарын шаарыбыз, Теӊир Тоо жергебиз, Кыргызстаныбыз ɵнүгүп ɵсɵ берсин!!!

Добавить комментарий