Республикалык ишембиликтин алкагында Нарын шаарында жылдын алгачкы ишембилиги ɵтүүдɵ

Бүгүн, 2016-жылдын 12-мартында жалпы республика боюнча ɵтүлүп жаткан ишембиликке Нарын шаарынын жашоочулары активдүү катышууда. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз кызматы билдирет.

Эртеӊ мененки саат 9-00 дан баштап облустук, райондук жана шаардык мекеме, ишканалардын кызматкерлери, соода-сатык түйүндɵрдүн, жол боюндагы дүкɵн, павильон, камок ээлери жана жалпы шаар тургундары шаардын кɵчɵлɵрүн, жашаган жеринин айланасын, арыктарды  тазалоого жигердүү салымын кошууда.

Ал эми ишембиликтин жүрүшү менен жеринде шаар мэри Р.Адиев таанышып жүрɵт. Республика боюнча жаз алды менен ɵткɵрүлүп жаткан ишембиликте кышы бою кар астында жаткан жалбырактар, таштандылар чыгарылып, арыктар тазаланууда.

Демилге ар тараптан колдоого алынып, ɵз короо-жайларын, жашаган жеринин  айланасын тазалап, ирээтке келтирген жашоочуулар арбын.

Ишембиликтен чогулган таштандыларды чыгарууга автотехникалар тартылып, иш алып барышууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий