РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА ЖҮРҮП ЖАТКАН ЖАЛПЫ ИШЕМБИЛИКТЕРГЕ КАТЫШПАГАНДАР БОЮНЧА МААЛЫМАТТАР МЫНДАН АРЫ НАРЫН ТЕЛЕВИДЕНИЕСИ ЖАНА БАШКА ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫ АРКЫЛУУ ЖАРЫЯЛАНАТ

Урматтуу Нарын шаарынын аймагында жайгашкан мекеме, ишканалардын, коомдук бирикмелердин, мобилдик операторлорунун жана банк тармагынын кызматкерлери, соода-сатык жайларынын ээлери жана шаар тургундары, республиканын бардык аймактарында тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыктын апрель айы жалаң кана шаарды калың кардын астында жаткан таштандылардан, жалбырактардан арылтуу иштерине багытталат.

Нарын шаардык мэриясы ушул аптанын  жума жана ишемби күндөрү ар бириңиздерди бөлүнгөн тилкелер боюнча тазалоо иштерине жигердүү салымыңыздарды кошууга чакырат.

Мэриядан, кварталдык комитеттерден жана тиешелүү мекеме, ишканалардан жооптуу кызматкерлер ар бир тилкенин тазалыгы жана элдин катышуусу боюнча көзөмөл жүргүзүп турушат.

Республикалык жалпы ишембиликтерге катышпагандар боюнча маалыматтар Нарын телевидениеси жана башка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыяланат.

Добавить комментарий