РОССИЯ-КЫРГЫЗ ѲНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНА ДОЛБООРЛОР СУНУШТАЛДЫ.

Бүгүн 13-мартта Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн уюштуруусу менен Россия-Кыргыз ɵнүктүрүү Фондунун ишмердүүлүгү боюнча жолугушуу болуп ɵттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, Россия-Кыргыз ɵнүктүрүү Фондунун башкармалыгынын тɵрагасы Эркин Асрандиев, облустагы  райондук администрация башчыларынын жана Нарын шаарынын мэринин орун басарлары, ишкерлер катышты.

Иш чарада ар бир райондон Россия-Кыргыз ɵнүктүрүү Фондунун жеӊилдетилген каржылык колдоосуна муктаж ишкердик долбоорлор сунушталды.

Нарын шаарынан ЖЧК «Арашан» минералдык газдалган суу чыгаруу ишканасын реконструкциялоо; «Шамшы-Ата» сүттү кайра иштетүү цехин кеӊейтүү; ЖЧК «Нарын-Эт» эт азыктарын чыгаруу ишканасын реконструкциялоо долбоорлору шаардын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров тарабынан презентацияланды.

Долбоорлор колдоо тапса кошумча жумуш орундары түзүлүп, шаардын экономикасы жогорулап, калкка кызмат кɵрсɵтүү жакшыртылмакчы.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.     

     

Добавить комментарий