РТС ЧӨЛКӨМҮНҮН ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ЖАКШЫРТУУ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Нарын шаарынын РТС чөлкөмүнүн “Керме тоо”, “Ак өргө” көчөлөрүнүн   айланасын ирээтке келтирүү иштери башталды. Аталган аймактагы  топурактан кирпич  куюп сатуу учурунда  калган таштаныдылар жана түшүрүлгөн топурактар ташылып, оордун түздөө иштери жүрүп жатат.

Жергиликтүү жашоочулар менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде  аң-чөнөккө жана таштанды жайына айланып  көркү бузулган аймакты коруп, жашылдандырып балдар ойноочу жай катары уюштуруу пландалууда.

Жер аянтын тазалоо жана түздөө жумуштарына жергиликтүү жашоочулар жана Таза Нарын ишканасынын атайын техикалары тартылган.

 

 

Добавить комментарий