“САБАТТУУ БОЛУУ-ЗАМАНБАП ЖАШООНУН ТАЛАБЫ!”

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулуп, ɵлкɵбүздүн бардык региондорунда жүрүп жаткан «Сабаттуу бол» акциясы Нарын шаарында дагы жогорку уюшкандыкта ɵткɵрүлдү.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнүндɵ» Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ɵнүктүрүүнүн жана тил саясатын ɵркүндɵтүүнүн Улуттук программасына» ылайык уюштурулган акциянын максаты сабаттуу жазууга үндɵɵгɵ жана калктын тил, жазуу маданиятынын деӊгээлин кɵтɵрүүгɵ багытталды.

Нарын шаарында шаардык мэрия тарабынан ɵткɵрүлгɵн «Сабаттуу бол» акциясына мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, мектептердин, бала бакчалардын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын ɵкүлдɵрү, студенттер, мектеп окуучулары катышып, мамлекеттик тилде жат жазуу жазышты.

Жат жазуунун жыйынтыгы купуя код аркылуу mamtil.kg жана naryncity.kg сайттарына жайгаштырылып, жеӊүүчүлɵр дипломдор менен сыйланмакчы.

Добавить комментарий