САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО БОЮНЧА УКУКТАРЫБЫЗДЫ КАНЧАЛЫК ДЕӉГЭЭЛДЕ ПАЙДАЛАНА АЛАБЫЗ?

4-апрелде Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнɵ караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын ɵкүлдɵрү Нурзат Бейшеналиева жана Чолпон Шаакеева тарабынан Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык Кеӊешинин кызматкерлерине  Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасы тууралуу кеӊири маалымат берилип, дарс окулду.

Аталган башкармалыктын дарыгери Нурзат Бейшеналиева маалымдагандай, тилекке каршы, кɵпчүлүк жарандар ɵздɵрүнүн саламаттыкты сактоо боюнча укуктарын жана мамлекет тарабынан корголгон кепилдиктерин биле беришпейт.

Бүгүнкү күндɵ медициналык мекемелерде жарандарга Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790-Токтомунун негизинде бекитилген Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча кызмат кɵрсɵтүлɵт.

Буга ылайык, медициналык-санитардык жардамды амбулаториялык деӊгээлде жана стационарларда социалдык макамы боюнча акысыз алууга укуктуу жарандардын категориясына: Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары; Баткен окуясынын майыптары; Чернобыль АЭСиндеги авариядан жапа чеккендер; 70 жаштан ашкан пенсионерлер жана эмгек ардагерлери, «Баатыр энелер»; «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жана 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйлангандар; ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар; 5 жашка чейинки балдар; АИВ/ЖИКС менен жашагандар; карылар, балдар үйлɵрүндɵ жашагандар; аскер кызматчылары аскер кызматын ɵтɵгɵн учурда; ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үйүнүн 23 жашка чейинки бүтүрүүчүлɵрү; 4 жана андан ашык жашы жетпеген балдары бар аз камсыз үй-бүлɵдɵгү 16 жашка чейинки балдар жана башкалар кирет.

Ал эми амбулаториялык жана стационардык деӊгээлдерде негизги оорусунун клиникалык кɵрсɵткүчтɵрү боюнча медициналык-санитардык жардамдарды акысыз алууга кош бойлуу аялдар жана кургак учук, бронхиалдык астма, терминалдык стадиядагы онкологиялык, психикалык оорулар, талма, кант диабети, кантсыз диабет, ɵзгɵчɵ жана карантиндик инфекциянын негизинде пайда болгон оорулар (ич келте, паратиф, күйдүргү, чума), менингококк менингити, гемофилия менен ооругандар укуктуу.

Ошондой эле амбулаториялык деӊгээлдерде медициналык-санитардык жардамды иштеген жарандар; ММК полиси барлар; социалдык жɵлɵкпул алуучулар;  фермерлер жана фермердик чарбанын мүчɵлɵрү; 70 жашка чейинки пенсионерлер: 16 жашка чейинки балдар; 16-18 жашка чейинки мектеп окуучулары акысыз ала алышат.

Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча амбулаториялык шартта үй-бүлɵлүк дарыгерлерден жолдомо болгон учурда базалык лабораториялык изилдɵɵлɵр акысыз кɵрсɵтүлɵт.

Мындан сырткары мектепке чейинки балдардын, мектеп окуучуларынын, кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган кош бойлуу аялдардын ооз кɵӊдɵйүн алдын ала кароо, 10 жашка толгон балдардын, 70 жаштагы жана андан улуу пенсионерлердин, кош бойлуулугу боюнча каттоого алынган аялдардын ооз кɵӊдɵйүн санациялоо сыяктуу стоматологиялык жардамдын түрлɵрү акысыз.

Минималдуу ɵлчɵмдɵгү кошумча тɵлɵмдү тɵлɵп дарыланган категорияларга социалдык жɵлɵкпул алуучулар; 70 жашка чейинки эмгек ветерандары; 70 жашка чейинки пенсионерлер кирет.

Ошондой эле камсыздандырылган жарандарга (иштегендер, 5 жаштан 16 жашка чейинки балдар, 16-18 жаштагы мектеп окуучулары, пенсионерлер жана эмгек ветерандары, ММК полиси бар ички иштер кызматкерлери, 500 сомдук ММК поисин сатып алгандар, камсыздандыруу тɵгүмүн тɵлɵгɵн жеке ишкерлер жана дыйкан чарба мүчɵлɵрү, аскер кызматкерлери, окутуунун күндүзгү формасындагы 21 жашка чейинки студенттер, жумушсуздар) медициналык жардам алууда бир катар жеӊилдиктер каралган.

Жыйында жогорудагыдай маалымааттар менен бирге  жеӊилдетилген рецепттерди, ММК полисин пайдалануунун жолдору түшүндүрүлдү.  Ошондой эле бул багыттагы кɵйгɵйлүү жагдайлар, кызыктырган суроолор болсо 113 номерлүү «ыкчам байланыш» телефонуна акысыз чалып кайрылышса жана кошумча маалыматтарды www.naryntufoms.kg сайты аркылуу алышса болоору маалымдалды.

Мэриянын кызматкерлери саламаттыкты сактоодогу мамлекеттик кепилдиктер боюнча ɵздɵрүн кызыктырган бир катар суроолорго жооп ала алышты.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий