САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ.

Бүгүн Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш чара ɵткɵрүлүп, алдыӊкы кызматкерлер ɵкмɵттүк, облустук, шаардык, райондук деӊгээлдеги сыйлыктарга татыктуу болушту.

Облустук деӊгээлде ɵткɵрүлгɵн майрамдык иш чарада куттук жолдогон Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова ак халатчан ɵмүр сакчыларына ден соолук, бакубат жашоо, иштерине ийгилик каалады.

Ардактуу кесип ээлеринин коомдогу бийик ордун жана оор түйшүгүн баса белгилɵɵ менен жаш дарыгерлерди тартуу максатындагы «Депозит» программасынын алкагында Нарын шаарына келип иштеп аткан жаш дарыгерлерге жергиликтүү бюджеттен 2013-жылдан бери материалдык колдоо кɵрсɵтүлүп келе жатканына токтолду. Муну менен катар Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата ɵткɵрүлгɵн марафондо саламаттыктын сакчылары абдан жакшы үлүш кошуп, колдоп беришкенин белгилеп, аларга тереӊ ыраазылык билдирди.

Ушундай эле каалоо-тилегин Нарын шаардык Кеӊешинин аппарат жетекчиси Амантур Абдыкеримов жолдоду.

Бул күнү «Нарын шаарынын Ардактуу атуулу» наамы Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун эмчи айымдар иштери боюнча орун басары, шаардык Кеӊештин депутаты Назира Мидиновага ыйгарылды.

Ошондой эле бир катар саламаттыктын сакчыларына Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык Кеӊешинин Ардак грамоталары тапшырылды.

Добавить комментарий