Саламаттык сактоо тармагындагы имаратка болгон муктаждыктар

Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун мурдагы имараты 1962-жылы курулуп, учурда авариялык абалда. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Имараттын абалы менен бүгүн, 7-декабрда Нарын шаарына болгон иш-сапарынын жүрүшүндө КР Жогорку Кенешинин төрагасы Ч.Турсунбеков таанышты.Курулгандан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүлбөгөн имараттын санитардык-техникалык абалы начарлап, фундаменти чөгүп, чатырынын бир бөлүгү кулагандыктан, имаратты пайдаланууну токтотуу өзгөчө кырдаалдар башкармасы жана архитектура тарабынан сунушталып, анда иштеп жаткан тез жардам башка жакка көчүрүлгөндүгү боюнча Нарын облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору М.Алияскаров малымат берди.

Учурда имарат бош, пайдаланууга жараксыз болгондуктан, капиталдык ремонтго же кайрадан ошол эле орунга жаңы имарат салууга муктаж экендиги облус башчысы тарабынан айтылды.

Андан кийин ЖК төрагасы облустук оорукананын аймагына тез жардам кызматынын имараты курула турган жер аянты жана долбоору менен таанышты.

Добавить комментарий