САЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

1-июль Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлеринин күнү.

Кесип күнгɵ карата Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнɵ караштуу мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык Кеӊештин Ардак грамоталарына татыктуу болушту.

Салык кызматкерлерине куттук жолдогон Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов, шаардык Кеӊештин аппарат жетекчиси Амантур Абдыкеримов, шаардык Кеӊештин депутаты Мустафа Жумаканов жана башкалар салыкчылардын жооптуу ишине ийгилик каалап, ыраазылык билдиришти.

Шаарыбыздын бюджетин толтурууда салык кызматкерлеринин эмгеги зор. Алар коюлган план-тапшырмаларды аткарууда жигердүүлүк менен эмгектенип, салык жыйымдарын ɵз убагында ашыгы менен топтоп келишет.

Майрамыӊыздар кут болсун, урматтуу салык кызматкерлери!!!

Добавить комментарий