«СМАРТ-ПАРКТАГЫ» БҮЛҮНДҮРҮЛГѲН ОТУРГУЧ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛЕТ, БИРОК…

Нарын шаарындагы Сейитаалы Жакыпов атындагы «Смарт-парк» 2016-жылы Ага-Хан ɵнүктүрүү фонду тарабынан 34 миллион сомго толук реконструкцияланып, шаар элине пайдаланууга берилген.

Заманбап эс алуу жайы 2018-жылдын 1-январынан баштап «Таза Нарын» ишканасынын карамагына ɵткɵрүлгɵн.

Учурда паркты эки кароолчу карап, мүмкүнчүлүктүн жетишинче сугарып, кɵзɵмɵлгɵ алып турат.

Бирок ошого карабай паркка келип эс алгандар басымдуу болгондуктан айрымдары аяр мамиле кылса, кээ бирɵɵ отургучтарын сындырып, булгап, бүлүндүрүп кетип атканы ɵкүндүрɵт.

Мындай жагдай элибиздин эс алуусу үчүн миллиондогон акчасын жумшаган эл аралык ɵнɵктɵшүбүз-Ага Хан фондунун ɵкүлдɵрүнүн бизге болгон ишенимине, достук мамилесине доо кетирээри анык. Даярдап берген нерсени туура пайдалана албаганыбыз баарыбыз үчүн уят.

Андыктан шаар элинен ɵтүнɵɵрүбүз-бардык нерсеге ɵзүбүздүкүндɵй аяр мамиле кылганды үйрɵнсɵк. Түзүлгɵн жакшынакай шартты туура пайдалана билсек. Бир гана кароолчуларга, же бир ишканага, мэрияга керектей кылбай коомчулук да кɵзɵмɵл кылып, бири-бирибизди тарбияласак.

Ал эми С. Жакыпов атындагы «Смарт-парктагы» отургучту сындыргандар боюнча Нарын шаардык ички иштер бɵлүмү тарабынан иликтɵɵ иштери жүргүзүлүп жаткандыгын жана бүлүнгɵн отургуч 1-2 күндɵ «Таза-Нарын» ишканасы тарабынан калыбына келтирилээрин билдиребиз.

Бүлүнгɵн отургуч калыбына келтирилет, бирок кайдыгерликтен, маданиятсыздыктан качан арылаарыбыз белгисиз…

Добавить комментарий