Советтик Армиянын Афганистан жергесинен чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына карата Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыровдун афган ардегерлерин куттуктоо сөзү:

Советтик Армиянын Афганистан жергесинен чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына карата Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыровдун афган ардегерлерин куттуктоосу

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары, меймандары жана афган согушунун ардагерлери !!!

Бүгүнкү Советтик Армиянын Афганистан жергесинен чыгарылгандыгынын 31 жылдык салтанатынын ачылышын мен ушул ыр саптары менен баштагым келип турат.

Эне сүйгөн түссүз, түстүү сүрөттө,
Эми ыйлайбыз тирүүлүктү сагынып.
Эстегиле эгер эстей алсаңар,
Чыгышмак деп быйыл мынча жашка алар…
Шейит-набыт өлбөсүн эч уулуңар,
Жер талашып азбаса экен башкалар.

Мына ушундай жүрөккө өчпөс так калтырган Советтер союзунун Ооганстандан өз аскерин чыгарганына быйыл 31 жыл болду. Бул согуш тууралуу али күнгө чейин ар кандай пикирлер айтылып келет. Аскерий эксперттер дээрлик 10 жылга созулган ооган согушунун геосаясий оюндардын алкагында болгон эч кереги жок оопасыз алаамат болгонун айтса, ооганчы ардагерлерибиз мамлекетибиздин чек арасына чектеш өлкөгө тынчтык орноттук деп айтышат. Канткен күндө да постсоветтик өлкөлөрдүн жоокерлери өз моюндарына тагылган интернационалдык милдетти абийирдүүлүк менен аткарып, мекен, эл алдында жүздөрү жарык болуп олтурат. Баткен окуясында, Ош коогалаңында да ушул ооган ардагерлери алдыңкы катарда болушкан.

Тогуз жылга созулган Афган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө өчпөс дарт калтырды. СССР кезинде бийлик тарабынан кабыл алынган, ойлонулбаган чечимден Кыргызстандын да миңдеген жоокерлери азап чегишкен. Ал эми ал апаатта каза болгондордун жакындарынын күйүтү али күнчө басыла элек.

1979-жылдын 25-декабрында башталган апаат 1989-жылдын 15-февралына чейин созулуп, бул согушка Нарын шаарынан 90го чукул жоокер катышкан. Учурда отуз төрт ардагерлерибиздин айрымдары пенцияга чыгышса, айрымдары коомго дагы да өздөрүнүн кызматын өтөп, агартуучулук жаатында, коопсуздук кызматында, электр тармактарында иштеп келишет.

Эр жүрөк жоокерлерибиздин ичинен, баса белгилеп айтып кетчү ысымдар бар.Алар ага лейтенант Мурат Ибраев жана катардагы жоокерлер Табылды Токтогулов менен Алмаз Шамкеев. Согуш тааласында баатырларча курман болуп, кийин көрсөткөн эрдиктери үчүн “Кызыл жылдыз” ордени менен сыйланышкан.

Ал эми учурда арабызда сый-урматка бөлөнгөн ардагерлебиздин арасында жогорку наамга татыгандардын сап башындагыларды да айтып өтпөсөк болбос. Маселен, полковник Темирбек Бугубаев “Кызыл жылдыз” , Зайырбек Керимжанов “Каармандыгы үчүн” медалы, Кыдырбек Сүйгөнбаев, Дайырбек Өмүркулов жана Туратбек Ибрайов “Согушта көрсөткөн эрдиги” үчүн медалдары менен сыйланышкан.

Мына сиздердей баатыр, тайманбас, эл-жер үчүн жанын аябаган ардагерлер менен биз ар убакта сыймыктанабыз. Сиздердин басып өткөн жол жаштар үчүн сабак, биз үчүн сыймыктанып унутулгус тарых болуп кала бермекчи.

Ар бириңиздерге үй-бүлөлүк бакыт, бакубат карылык каалайбыз. Ден-соолуктарыңыздар бекем болуп, дайыма бизге жол көрсөтүп жүрө бериңиздер.

 

Добавить комментарий