Советтик жоокерлердин Афганистандан чыгарылгандыгына 26 жыл толду – Нарын шаардык мэриясы

Бүгүн, 13-февралда постсоветтик мейкиндикте Советтик жоокерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 26 жылдыгы Нарын шаарында чакан белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Аталган  датага карата шаардагы Ж.Акималиев атындагы паркта митинг-реквием болуп ɵттү. Анда парктагы Афган согушунда, Баткен окуясында курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюулуп, куран окулуп, эскерүү залптары атылган соӊ, митингди Нарын шаарынын мэри Р.Адиев ачып жатып, элибиздин жүрɵгүндɵ ɵчпɵс так калтырган бул согушка аттанган биздин чакан шаарыбыздан эле 100дɵн ашык боордошторубуздун ичинен 2ɵɵ Афган жеринде курман болушуп, 9у ɵз жерине келгенден кийин кɵз жумушканын  белгилеп ɵттү. Ошол согушта берген антын бек сактаган, өз өмүрүн курмандыкка чалса дагы Мекен алдындагы ыйык милдетин аткарган жоокерлерге таазим этебиз! Элибиз өз баатыр уулдарын унутпайт. Алардын жаркын элестери ар дайым жүрөктүн тереңинде сакталып турат,-деп сɵз сүйлɵп, жоокерлерге чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана дүйнɵдɵ тынчтыкты каалады.

Иш-чарага катышкан Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлүнүн орун басары Ч.Абдыраимакунова, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын ɵкүлдɵрү, шаардык мекеме, ишканалардын кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ɵкүлдɵрү афганчы-жоокерлерге мындан аркы жашоосунда чоӊ жетишкендиктерди каалап, кайгы аркылуу жеткен кубанычтуу күн менен куттукташып, чакан сыйлыктарын тапшырышты.

Жыл сайын 15-февралга карата Нарын мэриясы афганчы-жоокерлерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бɵлүп, алардын үй-бүлөлөрүнө даректүү социалдык жардам көрсөтүп келет.

Бул датанын алкагында шаарыбызда тематикалык кечелер, каармандык-сабактар, мындан тышкары маданий жана спорттук иш чаралар өткөрүлүп, каза болгон жоокерлердин жаркын элестери эскерилип келет.

Белгилей кетсек, шаардык социалдык ɵнүгүү башкармалыгында 46 афган согушунун жоокерлери каттоодо турат, анын ичинен 3 Афган согушунун майыбы, 2 курман болгон жоокерлердин үй-бүлɵсү.

IMG_9877 IMG_9879 IMG_9880 IMG_9887 IMG_9898 IMG_9932 IMG_9935
IMG_6009
IMG_6010 IMG_6011IMG_6014

Добавить комментарий