СОВЕТ ЖООКЕРЛЕРИНИН ООГАН ЖЕРГЕСИНЕН ЧЫГАРЫЛГАНДЫГЫНА 30 ЖЫЛ

Бүгүн, 15-февралда Нарын шаарында Советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгы белгиленди.

Иш чара Ж. Акималиев атындагы Жеӊиш паркында курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбарларды коюу, аларды эскерип куран окуу озуйпасы менен башталды. 
Мындан кийин М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында салтанаттуу бɵлүгү улантылып, Ооган согушунун катаал күндɵрүн ардагерлердин эскерүүлɵрү менен баяндаган документалдуу фильм кɵрсɵтүлдү.

Ал эми театр актерлору тарабынан даярдалган театралдык кɵрүнүш кɵрүүчүлɵрдүн кɵзүнɵн жаш тегеретип, ɵзгɵчɵ таасир калтырды. Актерлор Ооган согушуна барган жоокерлер менен алардын жакындарынын башынан ɵткɵргɵн азаптуу күндɵрүн эне менен баласынын каты аркылуу чебер чагылдырып беришти.

Иш чарада Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Ж. Ботоканов, Нарын шаарынын вице-мэри С. Эсенаманова, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн аппаратынын бɵлүм башчысы Ѳ. Мамаев, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин орун басары Р. Жумаева, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтɵрүнүн ардагерлер кеӊешинин мүчɵсү, генерал-майор М. Бекбоев, ошондой эле күч түзүмдɵрүнүн жетекчилери жана башкалар Ооган согушунун маанисине токтолуп, курман болгон жоокерлерди эскерип, арабыздагы Ооган ардагерлерин куттукташты.

Ардагерлерге №4-Э. Ибраев атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынан ыр белек тартууланды.
Белгилей кетсек, дээрлик 10 жылга созулган Ооган согушуна советтик аскерлердин катарында Кыргызстандан 7400 жоокерибиз катышып, 300дɵн ашыгы согуш талаасында курман болушкан. Бир жарым миӊдейи ар кандай жарааттарды алышса, тɵртɵɵ азыркы күнгɵ чейин дайынсыз. Ал эми Нарын шаарынан 90дон ашык эр-азаматтарыбыз күлгүндɵй жаш курагында коогалаӊга аттанып, ɵздɵрүнүн мекенчилдигин, эрдигин кɵрсɵтүп кайтышкан. Тилекке каршы, алардын экɵɵ согуш талаасында баатырларча курман болсо, он сегизи согушта алган жаракаттарынан улам ɵз жерине келгенден кийин каза болушкан.

Бүгүнкү күндɵ Нарын шаарында 34 ардагерибиз жашап, иштеп, шаарыбыздын социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнɵ татыктуу салымдарын кошуп жатышат. Алар жылдан жылга суюлуп бара жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин ордун толуктап, жаш муундар үчүн мекенчилдиктин жана

каармандыктын үлгүсүн кɵрсɵтүп, таалим-тарбия берип келишет.

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий