СОЦИАЛДЫК КОЛДООГО МУКТАЖ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮН БАЛДАРЫ ЖАЙКЫ ЭС АЛУУГА ЖИБЕРИЛДИ

Жаш өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу максатында Нарын шаарындагы социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдун балдары Ысык-Көлгө 5 күндүк эс алууга жиберилди.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов тарабынан демигеленген бул иш чарага шаардын жергиликтүү бюджетинин “Жеңилдиктер” статьясынан 100 миң сом бөлүнүп берилди.

9 жаштан 14 жашка чейинки жаш курактагы 34 бала кечээ, 16-июлда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын “Илим” балдардын ден соолук борборуна жайгаштырылды.

Добавить комментарий