СПОРТТУН ЖЕТИ ТҮРҮ БОЮНЧА НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИНИН КУБОГУНА МЕЛДЕШ ӨТӨТ

Нарын шаарында “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында Нарын шаарынын мэринин кубогуна арналган спорттун жети түрү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Шаар мэриясынын кубогу үчүн облустук, райондук, шаардык мекеме-ишканалар, жогорку жана атайын орто окуу жайларынан аялдар жана эркектерден турган курама командалар күч сынашат.

Бул спорттук иш-чаранын максаты элдин сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана саламаттыгын чыңдоо болуп саналат. Мелдеш шахмат, стол тенниси, баскетбол, волейбол, кичи футбол, кол күрөш жана таяк тартыш спорттун түрлөрү боюнча 2 этап менен өтөт.

Биринчи этап, 19-майдан 21-майга чейин, экинчи этап 8-сентябрдан 10-сентябрга чейин болот. Мелдештин жыйынтыгында 1-2-3-орунду камсыз кылган командаларга Нарын шаарынын мэринин кубогу жана тиешелүү даражадагы дипломдор ыйгарылат.

Добавить комментарий