Суу алууда ысырапчылыкка жол бербе

Бүгүнкү күндɵ колонкалардан суу алган  жашоочулар кɵп учурда суу алгандан кийин аны  токтотпостон  аккан боюнча калтырышып, колонканын айланасын суу каптап, муз тоӊуп калууда. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Нарын шаарынын ичинде бардыгы 117 атайын суу алуучу суу түтүгү бар. Муз тоӊгон суу алуучу жайларынын айланасын суу канал ишканасынын кызматкерлери мүмкүнчүлүктɵрүнɵ жараша муздарын чагып, суу чыкпай калган же бузулган учурда диспетчердик кызмат күн-түнү иштеп жатат. Атайын түшкɵн буйрутмалардын негизинде убагынан ɵткɵрбɵй кайрылган кардарлардын ɵтүнүчүн канааттандырышууда.

Мындан сырткары, учурдун талабына ылайык,  жер үйлɵргɵ суу киргизилип, сырттагы сууга элдин муктаждыгы да күндɵн-күнгɵ азайууда.

Ал эми кышкы мезгилде суу алуучу колонкалардын айланасындагы тоӊгон муздарды чагуу, бузулгандарын оӊдоо боюнча ишкананын жүргүзгɵн иш аракеттери мэриянын  кɵзɵмɵлүндɵ болууда.

Добавить комментарий