С.БОЛОТБЕКОВ: «ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН ИНВЕСТОРЛОРДУН РОЛУ ЧОҢ «

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков, Нарын шаардык Кеңешин төрагасы Автандил Молдосалиев Ага-Хан өнүктүрүү уюмунун менеджмент жана программалар боюнча жетекчиси Алтааф Хашам менен бей формал жолугушуу өткөрүп, Нарын шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатындагы пландары тууралуу пикир алышты.Мэр С. Болотбеков шаардагы «Акылдуу шаар» долбоорун жана шаардын башкы планын сапаттуу ишке ашырууну сүйлөшүп, мындан сырткары шаарды өнүктүрүү боюнча атайын кеңеш түзүү планы менен бөлүшүп, кызматташтык боюнча макулдашууга жетишти.Ага-Хан өнүктүрүү уюму Нарын шаардык мэриясынын негизги өнөктөшү катары, долбоорлорду ишке ашырууга демөөрчүлүк кылып келет. Мэр Самарбек Болотбеков баардык тармактардын ишин жакшыртуу үчүн инвестиция тартууга өзгөчө көңүл буруу менен иш алып барууну белгилөөдө.

Добавить комментарий