С. РАЕВДИН “МАӉ” СПЕКТАКЛИ ТАРТУУЛАНАТ!!!

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары жана меймандары!!!

Эртеӊ, 25-июлда саат 15.00дɵ Нарын шаарындагы М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата С. Раевдин «Маӊ» спектакли (Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын театралдык инверсиясы) кɵрсɵтүлɵт.

Спектакль кɵрүүчүлɵр үчүн акысыз.

«Маӊ» спектакли буга чейин Астанада ɵткɵрүлгɵн «Самгау» эл аралык театр фестивалында коюлуп, 14 спектаклдин ичинен 3 мыкты спектаклдин катарына кирген. Ушуга удаа эле Бишкек шаарында ɵткɵрүлгɵн X эл аралык театр фестивалында баш байгени жеӊип алып, жалпы теӊиртоолуктарды сыймыкка бɵлɵгɵн.

Андыктан атагы алыска кеткен чыгарманы ɵз кɵзүӊүздɵр менен кɵрүп, эстетикалык рахат алууга шашылыӊыздар!!!

Добавить комментарий