ТАЗАЛЫК АКЦИЯСЫ МАДАНИЯТ ТАРМАГЫНДА

Бүгүн, 19-майда Нарын шаарындагы мекеме-ишканалар ортосунда жүрүп жаткан «Тазалык-өнүгүүнүн башаты» акциясынын алкагында Московский аймагындагы Ж. Акималиев паркынын ичи ирээтке келтирилип, отургучтары жана таштанды салуучу челектери сырдалды.

Бул иш шаардын маданият тармагындагы мекемелеринин, тактап айтканда, шаардык китепкананын, маданият бөлүмүнүн жана Ж. Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин эмгек жамааттарынын аракети менен жүзөгө ашты.

Акциянын натыйжасы менен парктагы 28 даана отургуч жана 14 даана таштанды челектер сырдалып, көрккө келтирилди. Сырдоо иштерине 8 миң сомдон ашык каражат жумшалды.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган парктын сырткы темир тосмолору жана түнкү жарыктары КСДП партиясынын мүчөлөрү тарабынан калыбына келтирилген эле.

Бүгүн тазалык эстафетасы салтка айлангандай салтанаттуу кырдаалда С. Бекмамбетов атындагы спорт мектебинин жана Нарын шаардык балдар, уландар спорт мектебинин эмгек жамааттарына өткөрүлүп берилди. Бул жамааттар шаардын дагы бир коомдук жайын көрктөндүрүшмөкчү.

Добавить комментарий