ТАЗАЛЫК АКЦИЯСЫ ФИНАНСЫ ЖАНА СПОРТ ТАРМАКТАРЫНДА

Бүгүн, 4-майда «Тазалык-ɵнүгүүнүн башаты» аталышындагы тазалык эстафетасы Нарын шаарындагы Финансы башкармалыгынын жана Спорт бɵлүмүнүн эмгек жамааттарынан Ж. Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин, шаардык китепкананын жана  маданият бɵлүмүнүн кызматкерлерине  ɵткɵрүлүп берилди.

Финансы башкармалыгынын жана спорт бɵлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаардын «64» аймагынын айлампасындагы сейил бак тазаланып, темир тосмосу сырдалып, акталып, ирээтке келтирилди.

Бул иштерге жалпысынан 11 миӊ сомдун тегерегиндеги каражат жумшалгандыгын Финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айты Кеӊешова билдирди.

Тазалык акциясы адаттагыдай эле шаӊдуу эмгек маанайы  менен коштолуп, эстафетаны берген жана алган жамааттар шаарыбыздын 150 жылдыгына карата демилгеленген бул иш чара натыйжалуу болуп жаткандыгын, шаарыбыз үчүн эч ким аянбай тургандыгын белгилешти.

 

Добавить комментарий