ТАЗАЛЫК АКЦИЯСЫ-ШААРДЫ КѲРКТѲНДҮРҮҮНҮН МЫКТЫ ҮЛГҮСҮ.

20-21-апрель күндɵрү Нарын шаарындагы мекеме-ишканалар ортосунда жүрүп жаткан «Тазалык-ɵнүгүүнүн башаты» акциясы кызуу улантылды.

Акцияда шаардагы саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери ɵздɵрүнɵ бɵлүнүп берилген «Улуу Жеӊишке 70 жыл» аталышындагы гүлбакты тазалап, отургучтарын жана тосмолорун сырдап, актап, бак-дарактарды жана гүлдɵрдү отургузуп, иретке келтирип беришти.

Нарын облустук үй-бүлɵлүк медицина борборунун жекетчиси Мурат Алияскаровдун айтымында, бул ишке бардык саламаттыкты сактоо мекемелери үлүш кошуп, 2 тоннадан ашык таштанды чыгарылып, актап-сырдоо иштерине 19 миӊ сомдун тегерегинде каражат жумшалды.

Бүгүн саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери тазалык эстафетасын жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрүнүн катышуусунда салтка айлангандай майрамдык маанай менен Нарын шаардык социалдык ɵнүктүрүү башкармалыгынын эмгек жамаатына ɵткɵрүп беришти.

Иш чарага катышкандар бул акция чындыгында шаарды иретке келтирүүнүн мыкты үлгүсү болгонун белгилешти.

«Таза Нарын» ишканасынын жетекчиси Алмаз Суранов коомчулуктун бул демилгеси ишкананын кызматкерлерине абдан чоӊ колдоо болгонун баса белгилеп, тереӊ ыраазылык билдирди.

Бул күнү ушундай эле акция Нарын шаардык электр тармактар ишканасы тарабынан да кызуу улантылып, шаардын Московский аймагынан кире беришиндеги кɵпүрɵнүн жанынан орун алган Гимн жазылган тактаны сырдап, айлана-тегерегин тазалап, түнкү жарыктарын алмаштырышты. Эстафета электр тармактар ишканасынан Салык кызматкерлерине ɵткɵрүлмɵкчү.

Эске салсак, бул акция Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан демилгеленип, жума сайын  улам бир коомдук жай тазаланып, тазалык эстафетасы башка мекемелерге ɵткɵрүлүп берилүүдɵ.

«Тазалык шыпырылган эмес, чачылбаган жерде» дегендей, коомчулук да ушул эмгекти баалап, тазаланган коомдук жайларыбызды аяр пайдаланып, тазалыгын сактай билсек…

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.    

 

 

 

 

Добавить комментарий