ТАЗАЛЫК МАРАФОНУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА

Бүгүн, 13-апрелде Нарын шаарындагы билим берүү бɵлүмүнүн, мектептердин, бала бакчалардын жалпы жамааты «Шаарымды сүйүү тазалыктан башталат» аталышындагы тазалык марафонуна салым кошуп, шаардын Московский а ймагынан кире беришиндеги «Нарын шаары» жазуусун актап, сырдап, айланасын тазалап ирээтке келтиришти.

Акцияга 300дɵн ашык билим берүү кызматкерлери катышып, актап, сырдоо иштерине 8 миӊ сомдун тегерегинде каражат жумшалды.

Тазалык марафонунун кезеги билим берүү тармагынан спорт тармагынын ɵкүлдɵрүнɵ салтанаттуу кырдаалда ɵткɵрүлүп берилди.

Коомдук жайларды тазалоо максатында Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан демилгеленип, быйыл экинчи ирет ɵткɵрүлүп жаткан тазалык акциясы ийгиликтүү улантыла берээрине ишеним артуу менен акцияга катышкан эмгек жамааттарга тереӊ ыраазылык билдиребиз.

Добавить комментарий