ТАЗАЛЫК МАРАФОНУ КООМДУК ЖАЙЛАРДЫН КѲРКҮН АЧУУДА.

Бүгүн, 20-апрелде Нарын шаарында жүрүп жаткан «Шаарымды сүйүү тазалыктан башталат» аталышындагы тазалык марафонун шаардык маданият тармагы улантышты.

Марафондун алкагында Ж. Коӊурбаева атындагы шаардык китепкананын, Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинин жана шаардык маданият бɵлүмүнүн кызматкерлери Московский аймагындагы Ж. Акималиев паркынын отургучтарын, таштанды салуучу идиштерин сырдап, парктын ичин ирээтке келтиришти.

Бул жумуштарга 11 мин сомдун тегерегинде каражат жумшалды.

Бүгүнкү иш кезеги маданият тармагынан салык кызматкерлерине ɵткɵрүлүп берилмекчи.

Добавить комментарий