ТАЗАЛЫК МАРАФОНУ СПОРТ ТАРМАГЫНДА

Бүгүн, 26-апрелде «Шаарымды сүйүү тазалыктан башталат» акциясынын алкагында Нарын шаарынын «64» аймагындагы айлампада жайгашкан чакан гүлбак кɵрккɵ келтирилди.

Бул иш шаардагы спорт мекемелеринин кызматкерлеринин аракети менен жүзɵгɵ ашып, сейилбактын курчап турган тосмолору сырдалды. Сырдоо иштерине 8 миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү каражат жумшалды.

Тазалык эстафетасы Нарын шаарындагы финансы башкармалыгына салтанаттуу кырдаалда ɵткɵрүлүп берилди.

Шаардын коомдук жайларын ирээтке келтирүүнү максат кылган тазалык акциясы Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан демилгеленип, быйыл экинчи ирет шаардык мекеме-ишканалар арасында ɵткɵрүлүп жатат.

Добавить комментарий