Тазалык — тазалаганда эмес, тазалыкты сактоодо!

Бүгүн 11-октябрь күнү, Нарын шаарынын мэри Р.Адиев шаардын тазалыгына рейд жүргүздү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаарында ишембиликтер байма-бай өткөрүлүп, айлана-чөйрөнү тазалоо иштерине мекеме, ишканалардын эмгек жамааттары бөлүнгөн тилкелерди ирээтке келтирүүгө жигердүү салымын кошуп келишет.

Шаарды тазалоо, көрктөндүрүү иштери боюнча аракеттер бүгүн да улантылып, шаар мэри баштаган Нарын облустук, шаардык ардагерлер кеңешинин, аксакалдар сотунун төрагалары, тиешелүү шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ атайын рейдке чыгышты.

Анын жүрүшүндө борбордук көчөнүн боюнан орун алган көп-кабаттуу турак-үйлөрдүн жашоочуларына короолорунда тазалыкты сактоо, соода-сатык жайларынын, кафе-ресторандардын ээлерине имараттардын сырткы көрүнүшүн ирээтке келтирүү, айлана-тегерегин, арыктарды жыйноо, өскөн чөптөрдү оруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай рейддер мындан ары да улантылып турмакчы.

Добавить комментарий