«ТАЗАЛЫК ШААРЫБЫЗГА, ШААРЫБЫЗ БААРЫБЫЗГА»

Нарын шаарында 13-14-апрель күндɵрү Ѳкмɵттүн «Таза жашоо» программасынын алкагында ɵткɵрүлгɵн ишембиликке шаардагы облустук, райондук, шаардык мекем-ишканалар, жалпы коомчулук жигердүү катышып беришти.

Натыйжада 96 мекеме-уюмдун 1923 кызматкеринин катышуусу менен 372 метр куб таштанды чыгарылып, 5294 түп ар кандай бак-дарактардын кɵчɵттɵрү отургузулду. 3 имараттын,  сырткы кɵрүнүшү оӊдолуп, 2,2 чакырым ички жолдор кырылып түздɵлдү.

Мындан сыркары «Тазалык-ɵнүгүүнүн башаты» эстафетасынын алкагында шаардын чыгыш тарабынан кире бериши иретке келтирилди.

«Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга» ураанынын алдындагы тазалык иш чарасына активдүү катышкан бардык жамааттарга жана шаар тургундарына тереӊ ыраазылык билдиребиз.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

Добавить комментарий