ТАЗАЛЫК ЭСТАФЕТАСЫ: БИЛИМ БЕРҮҮДѲН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ТАРМАГЫНА

Бүгүн, 14-апрелде «Тазалык-ɵнүгүүнүн башаты» аталышында  шаардык мекеме-ишканалар ортосунда жүрүп жаткан тазалык эстафетасы билим берүү тармагынан саламаттыкты сактоо тармагына татыктуу ɵткɵрүлүп берилди.

Эске салсак, бул иш чара эки жума мурда Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан демилгеленип, аталган ишкананын жамааты Жаӊы-Жол аймагындагы кɵпүрɵнү тазалап, актап сырдап, эстафетаны Нарын суу канал жана Жылуулук менен камсыздоо ɵндүрүштүк бирикмесине  ɵткɵрүп беришкен.

Эстафета кызуу улантылып, Нарын суу канал ишканасы «Тянь-Шань» паркын, ал эми Жылуулук ишканасы «64» аймагындагы кɵпүрɵнү иретке келтирип, ɵткɵн жумада Билим берүү жана Электр тармактар ишканаларына кезекти беришкен эле.

Бул жолу шаардагы 8 мектептин, 7 бала бакчанын жана Билим берүү бɵлүмүнүн 250дɵн ашык кызматкерлери акцияга активдүү катышып,  Нарын шаарынын чыгыш тарабынан кире беришинде, Бишкек–Нарын-Торугарт автожолунун боюнда жайгашкан «Нарын» жазуусун актап-сырдап жаӊыртып, Терминалдан Московский аймагына чейинки жолдун жээктерин коктуларга чейин тазалап беришти.

Алардын аракети менен шаардын босогосу кɵрккɵ келтирилип, бул жерден 2 автоунаа таштанды чыгарылды.

Ал эми акциянын катышуучуларынын бир бɵлүгү Городок аймагындагы «Дастан» дүкɵнүнɵн троллейбус ДЭПОсуна чейинки аймакты таштандылардан арылтып, шаар тургундарын тазалык иш чараларына активдүү катышууга үндɵгɵн баракчаларды таратып чыгышты.

Эмгек майрамы ыр-күү, жайыл дасторкон жана майрамдык маанай менен коштолуп, тазалык эстафетасы саламаттыкты сактоо тармагынын ɵкүлдɵрүнɵ салтанаттуу кырдаалда тапшырылды.

Иш чарага катышкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Ѳкмɵттүн «Таза жашоо» программасынын алкагында Нарын шаарында да атайын буйрук менен үч айлык акция жарыяланып, жума сайын шаарыбыздагы бардык мекемелер ишембиликтерге чыгып, алардын колдоосу менен шаар ичи бир сыйра тазаланып, арыктарды тазалоо, бактарды акилɵɵ иши кызуу жүрүп жатканын, буга удаа эле шаардык мекеме-ишканалар арасында тазалык эстафетасы демилгеленип, эӊ оор делген коомдук жайларды тазалоо жумуштары колго алынганын баса белгилеп,  бул иштерге жигердүү катышып жаткан шаар коомчулугуна тереӊ ыраазылык билдирди.

Ошондой эле бул акция улантыла берээрин, «кɵп түкүрсɵ кɵл болот» дегендей  шаардын ар бир тургуну жок дегенде ɵзү жашаган үйдүн айланасын тазалап, кɵрктɵндүрсɵ акцияга салым кошкон болоорун айтып, элибиз ойгонсо шаарыбыз гүлдɵгɵн кɵрктүү шаарга айланаарын белгиледи.

Маалымат үчүн айта кетсек, үч айлыктын алкагындагы тазалык акциясынын жыйынтыгы менен иш чарага активдүү катышкан мекеме-уюмдарга Нарын шаардык мэриясы тарабынан сыйлыктар ыйгарылмакчы.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий