ТАЗАЛЫК ЭСТАФЕТАСЫ УЛАНТЫЛДЫ.

Бүгүн,  6-апрелде Нарын шаарындагы мекеме-ишканалар ортосунда башталган «Тазалык-ɵнүгүүнүн башаты» аталышындагы тазалык эстафетасы улантылды.

Белгилей кетсек, аталган иш чара ɵткɵн жумада Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан демилгеленип, аталган ишкананын жамааты Жаӊы-Жол аймагындагы кɵпүрɵнү тазалап, актап сырдап, эстафетаны Нарын суу канал жана Жылуулук менен камсыздоо ɵндүрүштүк бирикмесине  ɵткɵрүп беришкен.

Бүгүн Нарын жылуулук менен камсыздоо ɵндүрүштүк бирикмесинин эмгек жамааты шаардын  И. Раззаков чɵлкɵмүндɵгү  кɵпүрɵнү тазалап, иретке келтиришти. Ишкананын кызматкерлери тазалык акциясын дасторкон жайып, 7-апрелде шейит болгон баатырларга арнап куран окуу менен башташты. Эмгек майрамы ыр-күү менен коштолуп, эстафета билим берүү тармагынын кызматкерлерине тапшырылды.

Билим берүү тармагынын ɵкүлдɵрү шаардын Раззаков чɵлкɵмүнɵн Жаӊы-Жол аймагына чейинки Ленин кɵчɵсүнүн боюндагы бак-дарактарды акилеп берүүнү колго алаарын убада кылышты.

Ошондой эле бул күнү Нарын суу-канал ишканасынын эмгек жамааты «Тянь-Шань» паркын иретке келтирип, бак-дарактарды акилешти. Алар тазалык эстафетасын Нарын шаардык электр тармактар ишканасына жолдоду. Электр тармактар ишканасынын кызматкерлери шаардын «64» аймагынан кире беришиндеги Кыргыз Республикасынын Гимни жазылган тактаны сырдап, калыбына келтирээрин билдиришти.

Демилгелүү иш шаардагы мекеме-ишканалар арасында «Таза жашоо» үч айлык акциясы аяктагыча улантыла бермекчи.

 

 

 

Добавить комментарий