«ТАЗАЛЫК-ѲНҮГҮҮНҮН БАШАТЫ» ЭСТАФЕТАСЫ СТАРТ АЛДЫ.

Бүгүн Нарын шаарындагы мекеме-ишканалар ортосунда «Тазалык ɵнүгүүнүн башаты» аталышындагы эстафета старт алды.

Коомдук жайларды тазалап, иретке келтирүү максатындагы бул акция Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан демилгеленди.

Анын негизинде бүгүн аталган ишкананын эмгек жамааты   шаардын Жаӊы-Жол аймагындагы кɵпүрɵнүн айлана-тегерегин  таштандылардан арылтып, кɵпүрɵнү актап-сырдап, иретке келтиришти.

Тазалык эстафетасы Нарын суу канал жана Жылуулук берүү ишканаларына тапшырылды.

«Таза жашоо» акциясына шаардагы бардык облустук, райондук, шаардык мекемелер жакшы катышып жатканын белгилеген Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ɵзгɵчɵ тазалык эстафетасын демилгелеген ишкананын жамаатына шаардык мэриянын атынан тереӊ ыраазылык билдирип, бул демилге колдоого алынаарын айтты.

http://naryncity.kg/wp-content/uploads/2018/04/22719884-b96a-4bea-a3ac-613b82423e5c.mp4

Добавить комментарий