ТАЗА ЖАШОО АР БИРИБИЗДИН КОЛУБУЗДА

Жергебизге жаздын келиши менен тиричилик жанданып, айлана-чɵйрɵнү ирээтке келтирүү жумуштары башталды.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтү тарабынан жарыяланган үч айлык ишембилик акциясынын алкагында шаарыбызды санитардык тазалоо, бак-дарактардын кɵчɵттɵрүн отургузуу, кɵрктɵндүрүү боюнча  жума сайын иштер алып барылууда.

Шаардын кɵчɵлɵрүн, сейилбактарды, парктарды таштандылардан арылтуу жумуштарына мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары чоӊ салым кошууда.

Шаарыбыздын жалпы тургундарын жана кɵп кабаттуу турак үйлɵрдүн жашоочуларын айлана-чɵйрɵсүн ирээтке келтирип, ишембиликке активдүү катышууга чакырабыз!

Ар бир үйдүн айланасы таза болсо шаар таза болот, ар бир шаар, аймак таза болсо ɵлкɵбүз, ар бир ɵлкɵ таза болсо жер шарынын экологиясы тазарат! Таза экология-таза ден соолук, жашоо, ɵмүр… Мунун бардыгы ɵзүбүздɵн кɵз каранды. Андыктан ар бирибиз ойгонуп, тазалык, кɵрктɵндүрүү, жашылдандыруу акциясына салым кошолу!!!

Добавить комментарий