“ТАЗА НАРЫН” ИШКАНАСЫНА ЖАӉЫ ТЕХНИКАЛАР АЛЫНЫП БЕРИЛДИ.

Нарын шаарынын тазалыгын, кɵрктүүлүгүн арттыруу максатында “Таза Нарын” ишканасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен тендер жолу менен 2 миллион 464 миӊ сомго эки даана КамАЗ автоунаасы жана бир оор жүк жүктɵɵчү техника алынып берилди.

Ишканада буга чейин 23 техника болсо, эми алардын катары жаӊылары менен толукталды.

Бүгүн, 30-июлда техникалар жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрүнүн жана депутаттардын катышуусунда “Таза Нарын” ишканасынын кызматкерлерине салтанаттуу кырдаалда тапшырылды.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов унаалардын акжолтой болуп, элге кызмат кылуусун тилек кылуу менен бул маселелерди колдоп берген шаардык Кеӊештин депутаттарына ыраазылык билдирди. Ошондой эле шаардын бюджети кɵбɵйсɵ кийинки жылдары ички жолдорду ремонттоп турганга ылайыктуу унааларды алуу зарылчылыгын белгиледи.

Ал эми шаардык Кеӊештин депутаты Сталбек Муканбетов Нарын шаары таза шаарлардын катарына кирээрин жана колдон келишинче жергиликтүү бийлик тарабынан ишканага шарт түзүлүп берилип жатканын билдирди.

Добавить комментарий