“Таза-Нарын” муниципалдык ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Нарын шаардык “Таза-Нарын” ишканасына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Бугүн, 2017-жылдын 29-мартында Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун буйругу менен Нарын шаарынын 1-вице-мэри А.Суранов “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын директорунун кызмат ордуна дайындалды.

Шаар башчысы ишкананын эмгек жамаатына жаңы дайындалган жетекчини тааныштырып, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Маалымат үчүн айтсак, А.Суранов 2012-жылдын 15-мартынан бери Нарын шаарынын 1-вице-мэри болуп эмгектенип келген.

 

Добавить комментарий