ТАЗА СУУ ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯ ТУТУМДАРЫН РЕАБЛИТАЦИЯЛОО ДОЛБООРУНУН АТКАРЫЛЫШЫ БОЮНЧА КЕЗЕКТЕГИ ОНЛАЙН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

Нарын шаарынын таза суу жана канализация тутумдарын реаблитациялоо боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы 5 млн 200 евролук долбоордун аткарылышы боюнча териштирүүлөр уланууда.

Бүгүн Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкындагы долбоорго тиешеси бар өкүлдөр Кудо Акихиро, Камалов Зафар, Дэвид Тэйлор, Силвия Сингорин, Эгемберди кызы Тахмина Долбоорду өнүктүрүү борборунан консультант Фиала Ярослав ,Хавлик Владимир , Эсенбеков Нияз Эсенгулов Улукбектердин катышуусунда маселени аягына чыгаруу талабы менен онлайн жыйын өтүп долбоор эмнеге өз максатына жетпей калгандыгынын себептерин талкуулап, мындан аркы жумуштардын жүрүшү боюнча маалымат алды.

Консультанттардын долбоор өз талаптары менен ишке ашкан деген маалыматтарына, анда эмнеге авариялык жарылуулар болуп жаткандыгы боюнча суроо берилип, долбоорду ишке ашырууга катыштыгы бар тараптардын милдеттерин так аткарбагандыктары боюнча бир катар негиздерди келтирип, консультациялык кылуучу өкүлдөрдү долбоордун кемчиликтеринин себептерин аныктоого жөнгө салууга жеткиликтүү жардам көрсөтүүнү айтып, Нарын шаарына жолугушууга чакырды.

Ошол эле учурда ЕБРРдин Таза суу жана канализация тутумдарын реаблитациялоо долбоорунун ишке ашырылышы укук коргоо органдары тарабынан да териштирилип жаткандыгын билдиребиз.

Добавить комментарий