ТАЗА СУУ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН ЛЕНИН КѲЧѲСҮН КЕСИП ѲТҮҮГѲ УРУКСАТ БЕРИЛДИ.

Нарын шаарынын Ак-Коргон аймагындагы жаӊы конуштун жашоочуларынын турак жайына ичүүчү суу киргизип алуу үчүн жазган арызын канааттандыруу жана Бириккен Улуттар Уюмунун «Дүйнɵлүк азык-түлүк» программасынын негизинде шаардагы 8 кɵчɵнүн жашоочуларын ичүүчү таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу максатында Ленин кɵчɵсүн кесип ɵтүүгɵ Нарын шаардык мэриясынан уруксат берилди.

Мунун негизинде «Нарын суу канал» ишканасына суу түтүктɵрүн орнотуу боюнча мыйзамдардын сакталышын, таза суунун туура пайдаланылышын, жол коопсуздугунун эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу жана суу киргизип берүү милдети жүктɵлдү.

Ал эми Ак-Коргон аймагындагы жаӊы конуштун жашоочуларына турак-жайына суу киргизип алуу үчүн Ленин кɵчɵсүн кесип ɵтүүдɵ тиешелүү кызматтардын (Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасынын, Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо ɵндүрүштүк бирикмесинин, «Таза Нарын» ишканасынын, «Кыргызтелеком» акционердик коомунун Нарындагы филиалынын, Ѳрт, Жол коопсуздук кызматтарынын, Нарын аймактык курчап турган чɵйрɵнү коргоо башкармалыгынын) макулдугунун жана «Нарын суу канал» ишканасынын инженердик пландоо шарттарынын негизинде түтүктɵрдү кошкондон кийин казылган жерди мурдагы калыбына келтирүү жагы милдеттендирилди.

Казыла турган жол райондорду байланыштыра турган негизги жол болгондуктан жол каттамын үзгүлтүккɵ учуратпагандай шарт менен жасалуусу зарыл.

 

Добавить комментарий