Таза, ыплас сууларга жана таштандыга болгон тɵлɵмдɵр жогорулады.

Белгилей кетсек, «Нарын суу-канал» жана «Таза Нарын» ишканалары тарабынан таза, ыплас сууларга жана таштандыга болгон тɵлɵмдɵрдүн тарифин кɵтɵрүү маселеси коюлуп, шаардын бардык чɵлкɵмдɵрүндɵгү жолугушууларда жана коомдук угууларда талкууланып келген. Себеби аталган ишканалар чарбалык эсепте болгондуктан жумушчулардын маянасын кɵтɵрүү, ишканалардын материалдык-техникалык маселелерин чечүү мындай кадамга мажбурлаган.

Бүгүн шаардык Кеӊештин сессиясында бул маселе депутаттардын элегинен ɵтүп, жыйынтыгында тарифтерди 4 сомго кɵтɵрүүгɵ макулдук берилди.

Жаӊы тарифке ылайык, кɵп кабаттуу жана үйдүн ичинен суу чыккан, канализациясы бар тургундарга 1 адамга 1 айга таза суу үчүн 19,60 сомдун ордуна 23,72 сом, ыплас суу үчүн 19 сомдун ордуна 23 сом тɵлɵм алынат. Үйүнүн ичинде суусу бар, бирок канализациясы жок тургундар таза суу үчүн 1 айга 1 адамга 19,41 сом тɵлɵп келсе, эми 23,72 сом, ал эми кɵчɵдɵгү колонкадан суу алуучу тургундар 4,25 сомдун ордуна 8,30 сом тɵлɵп калышат.

Коммуналдык бюджеттеги мекемелер 1 м/куб таза суу үчүн 21, ыплас суу үчүн 20 сом, чарбалык эсептеги мамлекеттик жана менчик ишканалар, дүкɵндɵр, ашканалар 1 м/куб таза жана ыплас суулар үчүн ɵз-ɵзүнчɵ 23 сомдон тɵлɵшɵт.

Таштандыга болгон тɵлɵмдɵр мурда 1 айга бир адамга 8 сом болсо,  эми 12 сомду түзɵт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий