«ТАЙЛАК БААТЫР» АТЫНДАГЫ СЕЙИЛ БАК ТАЗАЛАНДЫ.

«ТАЙЛАК БААТЫР» АТЫНДАГЫ СЕЙИЛ БАК ТАЗАЛАНДЫ.

Нарын шаарындагы мекеме-ишканалар ортосунда жүрүп жаткан «Тазалык-ɵнүгүүнүн башаты» аталышындагы акциянын арты менен улам бир коомдук жай кɵрккɵ келтирилип жатканы кубандырат.

Кечээ, 4-май күнү шаардагы дагы бир сейил бак иретке келтирилди.

Тактап айтканда, шаардын Жаӊы-Жол аймагынан кире беришиндеги «Тайлак баатыр» атындагы сейил бак Салык кызматкерлери тарабынан тазаланып, тосмолору сырдалып, акталып, Тайлак баатырдын айкели жуулду.

Актап, сырдоо иштерине 11 миӊ сом каражат жумшалды.

Тазалык эстафетасы Салык кызматкерлеринен Мамлекеттик каттоо жана Архитектура мекемелеринин жамааттарына салтанаттуу кырдаалда ɵткɵрүлүп берилди.

Кийинки мекемелердин жамааттары Ж. Акималиев атындагы паркты калыбына келтиришмекчи.

Добавить комментарий