«ТАЙЛАК БААТЫР» СЕЙИЛ БАГЫ КѲРКТѲНДҮРҮЛДҮ.

Бүгүн, 7-июнда Нарын шаарындагы коомдук жайларды кɵрккɵ келтирүү максатындагы «Шаарымды сүйүү тазалыктан башталат» акциясы Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык ɵнүктүрүү башкармалыгы тарабынан улантылып, шаардын Жаӊы-Жол аймагынан кире беришиндеги «Тайлак баатыр» сейилбагы ирээтке келтирилди.

Коомдук иш чарага мекеменин эмгек жамааты активдүү катышып, сейилбактын темир тосмолорун, отургучтарын сырдап, кɵркүнɵ чыгарышты.

Бул иштерге 5 миӊ сомдон ашык каражат жумшалды.

Тазалык марафонуна салымын кошкон бардык жамааттарга Нарын шаардык мэриясынын жана шаардын элинин атынан тереӊ ыраазычылык билдиребиз.

Добавить комментарий