ТАРТИП, ТАЗАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАП, СЕРГЕК ЖАШОО ОБРАЗЫН КАРМАНАЛЫ!

Акыркы учурда жалпы Кыргызстаныбызда COVID-19 илдетине байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетүү коркунучу жаралды. Ар бирибиз, өзүбуздүн жана жакындарыбыздын ден соолугу үчүн жоопкерчиликтүү мамиле жасап, сактаналы.Нарын шаарындагы медицина кызматкерлери «Ковидке каршыбыз» чыкырыгы менен жөө жүрүшкө чыгышып, иш чарага Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков да катышты.Жөө жүрүштөн сырткары уюштурулган флешмобдо шаар башчысы С. Болотбеков «Эл көп топтолгон коомдук жайларда беткап, тагынып аралыкты сактаңыздар. Сергек жашоо образын карманып, оорудан коргонуу чараларын көрүүгө чакырам.»-дедиТартип, тазалык эржелерин кармануу менен өмүрлөрдү сактап, жугуштуу илдеттин жайылышына жол бербейли!Бүгүнкү күнү Нарын шаарында эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, илдет катталууда.8-июлга карата жаңы 7 учур катталды. Ал эми бүгүн 9-июлга карата оору катталган жок.

Добавить комментарий