ТАРЫХИЙ АРХИВДЕР, РЕВОЛЮЦИОНЕРДИН БӨЛМӨСҮНӨ ЭКСКУРСИЯ ЖАНА РЕПРЕССИЯГА КАБЫЛГАН ИНСАНДАР ТУУРАЛУУ СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨ

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөөнүн алкагында,  Нарын шаарынын борбордук аянтында Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 100 жылдыгына жана саясий репрессиялардын 80 жылдыгына байланышкан  тарыхый архивдерди камтыган документ көргөзмө иш чарасы уюштурулду.

Тунгуч революционер Таабалды Жукеев-Пудовкиндин 135 жылдыгына арналган адабий кече С.Орозбак атындагы Нарын облустук китепканасында өтүп, анда анын өмүр жолу, эрдиги эскерилсе, К.Мамбеталиева атындагы Нарын облустук тарыхый этнографиялык музейинде революционердин бөлмөсүнө экскурсия жасалды.

Ошондой эле Нарын шаарындагы искусство галереясында “Буюккан кайран менин жылдыздарым” аталыштагы репрессиялардын 80 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.

Добавить комментарий