“Тарых жана маданият жылына” карата окуучулардан “Сармерден”

Кечээ М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык — академиялык драма театрында мектеп окуучуларынын “Сармерден” кыз-жигит айтышы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева.

Кылымдаган тарыхы бар кыргыз калкы унутулгус маданиятка, өчпөс таланттарга бай келген. Таң аткыча ак чөлмөк, «Сармерден» оюнун, акыйнек айтышып, ат үстүндө кыз-куумай оюндарын чуулта ойноп, боз үйдүн жанына от жагып тамаша-күлкү менен күндүн чыгышын тозуп алышкан.

Азыркы учурда белгилүү кыргыз таланттарынан баштап, мектеп окуучуларына чейин, ошол мезгилдегидей кыз-жигитке бөлүнүп, «Сармерден» ойногондордун саны күндөн-күнгө көбөйүп жаткан мезгили.

Нарын шаарындагы №4 Эсенгул Ибраев атындагы орто мектеби “Тарых жана маданият жылына” карата,  жогорку класстардын кыз-жигиттери ортосунда “Сармерден” оюн-зоок, ыр-бий программасын шаар тургундарына тартуулашты.

Анда кыз-жигиттер бири бирине атаандаша ырдап, бийлеп, “Манас” эпосунан үзундү айтып, макал- ылакап, табышмак, жаңылтмачтарды, күлкүлүү, куйкумдуу, тамашалуу кеп-келечтерди, жорго сөздөрдү, кызыктуу, нускалуу айтымдарды айтышып, патриоттук, эмгекчил, салттуу ырларды жалпы топтор менен аткарып, Барпы апыздын мөлтүрөгөн «Мөлмөлүмүн», Жеңижоктун көркөмдүү «Көк сулуусун», “Курманбек” дастанын өз ийинине жеткире ырдап, комузда кол ойнотуп, өнөрлөрүн тартуулашты.

Ошондой эле КР эл акыны, сатирик, публицист Эсенгул Ибраевдин ысымын алып жүргөн мектептин окуучулары, акындын  жаштарды ата-журтун, эли-жерин сүйүүгө тарбиялаган публицистикалык чыгармаларынан көркөм окуп, обондуу ырларынан аткарып беришти.

Иш чара учурунда атайын түзүлгөн калыстар тобу тарабынан топторго упайлар берилип, жүрүшү туурасында ой-пикирлер айтылып турду. Ал эми жалаң комуздун, аккардеондун коштоосунда таза жандуу үн менен ырдалып жаткандыгына калыстар өзгөчө белгилешти.

Аталган театрдын залы толо келген көрүүчүлөрдүн көбүн ата-энелер, окуучулар, мугалимдер жана башка чакырылгандар түздү. Окуучулардын “Сармерденине” шаар мэри Р. Адиев жана вице-мэр С.Эсенаманова да катышышты.

Шаар мэри өз сөзүндө, Сармерден бул эзелтен ата-бабалардан келе жаткан салт, байыркы көчмөн кыргыздардын арасына кеңири тараган салттык ырдоо — сармерден нечендеген кылымдарды басып, доорлорду аралап, атадан балага, ооздон оозго көчүп, бүгүнкү күнгө чейин жашоосун улантып келе жатат деп сүйлөп, жарыяланган жылдын алкагында шаардык деңгээлде өтүп жаткан “Сармердендин” уюштуруучуларына, мектептин директоруна, мугалимдер жамаатына жана окуучуларга терең ыраазычылык билдирди.

Вице-мэр  С.Эсенаманова чоң сахнага чыгып өз өнөрлөрүн тартуулап жаткан окуучулар келечекте белгилүү искусство адамдары болооруна ишенем деген ой-пикирин айтты. Эки саатка созулган ыр майрам эки топтун  ынтымагы менен жыйынтыкталды.

Добавить комментарий