ТЕКЕ-СЕКИРИК СУУСУН КАЙРА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИЧКИ ИНВЕСТОРДУН КАРАЖАТЫ МЕНЕН ИШКЕ АШАТ

Нарын шаарындагы РТС аймагындагы сугат суу маселесин чечүү үчүн Теке-Секириктен түшкөн сууну жоготуусуз тартып келүү долбоору ишке ашат.Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев тийиштүү тараптар менен бирге аталган аймакка барып, маселе менен жеринде таанышып, тийиштүү жетекчилерге сугат сууну жоготуусуз алып келүү боюнча пландалган ишти ишке ашырууну ылдамдатууну тапшырды.Теке-Секирик жарчасынан сугат суу алып түшүү үчүн керектүү жабдууларды сатып алуу жана башка жумуштарды аткарууга 400 миң сом жумшалаары эсептелген жана каражат булагы табылган.Бул аймактагы суу 2012-жылдан бери токтоп турган.

Добавить комментарий