ТЕӉИРТООЛУК ЖЫЛДЫЗДАР НАРЫН ШААРЫНДА КОНЦЕРТ БЕРИШТИ.

Кечээ 21-сентябрда Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган иш чараны кечкисин теӊиртоолук жылдыздардын оюн-зоогу кɵркүнɵ чыгарды.

Аба ырайынын кескин ɵзгɵргɵндүгүнɵ байланыштуу стадиондо боло турган концерт М. Рыскулов атындагы драма театрынын алдында ɵткɵрүлдү.

Ошентсе да кɵрүүчүлɵрдүн саны кɵп болуп, ɵнɵрдү, талантты баалаган калыӊ эл түн бир оокумга чейин тараган жок.

Кичи мекенин, элин сагынып, жүрɵгүндɵгү мекенчил сезими, ɵнɵрү менен шаардын мааракесине колдоо кɵрсɵтɵлү деп келген ɵнɵрпоздор элдин черин жазып, жан дүйнɵ азыгын тартуулап беришти.

Иш чара майрамдык фейерверк менен жыйынтыкталды.

Добавить комментарий