«ТЕӉИР ТОО» ГЕЗИТИ ШААР МЭРИ ЭМИЛБЕК АЛЫМКУЛОВДУ «ЖЫЛДЫН МЫКТЫСЫ» ДЕП АТАДЫ.

Нарын облустук «Теӊир Тоо» гезити 2017-жылдын  жыйынтыгы менен Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкуловду «Жылдын мыкты мэри» деп атаган.

Жакында Нарын шаардык мэриясында журналисттер үчүн ɵткɵрүлгɵн маалымат-жыйында «Теӊир Тоо» гезитинин журналисттери тарабынан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкуловго ушул сыйлык салтанаттуу кырдаалда тапшырылды.

Гезиттин журналисти Бурулсун Дыйканбаева жыл мыктылары 2017-жылдагы коомдук пикирдин жана окурмандар арасында жүргүзүлгɵн социалогиялык иликтɵɵлɵрдүн жыйынтыгы менен чыгарылганын, сыйлык тапшыруу аземинде шаар мэри иш сапарында болуп катышпай калгандыктан «эки иштен бир иш» деп маалымат-жыйында тапшырууну туура кɵрүшкɵнүн билдирип, сыйлык ээсине ийгилик жолдоду.

Ѳз кезегинде шаар мэри Э. Алымкулов да «Теӊир Тоо» гезитинин эмгек жамаатына чыгармачылык ийгилик каалап, анын эмгегин баалаган коомчулукка жана гезиттин окурмандарына тереӊ ыраазылык билдирди.

Добавить комментарий