«ТЕӉИР ТОО» ФОНДУ НАРЫН ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫНА КѲМҮР ТАРАТТЫ.

Бүгүн, 25-декабрда Нарын шаарындагы аз камсыз жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үй-бүлɵлɵрүнɵ «Теӊир Тоо» кайрымдуулук фондунун демɵɵрчүлүгү менен акысыз кɵмүр таратылды.

Тактап айтканда, аталган фонддун колдоосу менен 25 тонна кɵмүр тартылып келинип, Социалдык ɵнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 50 үй-бүлɵгɵ 500 килден таратылып берилди.

Маалымат үчүн айта кетсек, бул иш «Теӊир Тоо» кайрымдуулук фондунун алгачкы кадамдарынан. Фонддун жетекчиси Жолдошбек Токторбаевдин айтымында, кайрымдуулук фонду Нарын облусу боюнча кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, сырттан инвестицияларды тартып, теӊиртоолуктардын социалдык маселелерин чечүүгɵ кɵмɵктɵшүү максатын кɵздɵйт.

Фонддун ишине ийгилик каалоо менен бирге Нарын шаарынын элинин атынан тереӊ ыраазылык билдиребиз.

Добавить комментарий