«ТИРҮҮЛӨР ҮЧҮН, КУРМАН БОЛГОНДОРГО ТААЗИМ»

12-февралдан 13-февралга чейин Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык спорт бөлүмүнүн демилгеси менен Нарын облустук афган ардагерлер коомунун уюштуруусунда облустук деңгээлдеги волейбол оюну боюнча мелдеш болуп өттү.

«Тирүүлөр үчүн, курман болгондорго таазим» аталышындагы мелдеш, Советтик аскерлердин Афган жергесиненен чыгарылгандыгынын 31-жылдыгына карата уюштурулду.

Бул оюнга облус боюнча жалпы 25 команда катышып, кыл чайнашкан мелдеште күчтүүлөр суурулуп чыкты.

Жалпы байге фонду 63 миң сомду түзгөн мелдеште
1-орунду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери, 2-орунду Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, 3-орунду Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын келген команда, ал эми 4-орунду Ак-Талаа районунун Куртка айылынан келген команда эңип кетти.

Сыйлоо аземине Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров катышып, жалпы катышкан командаларга ыраазчылыгын билдирип, 1-орунду алган командага кубокту өз колу менен тапшырды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий