ТРОЛЛЕЙБУСТАР  КАТТАМГА ЧЫГЫШАТ

15-сентябрь окуу жылынын башталышына карата троллейбустар каттамга чыгышат.

Бүгүнкү күнү Нарын шаарындагы эки троллейбус  кезектеги ондоодон  өткөрүлдү.

Коомдук унаанын ичи-тышы сырдалып, орундуктардын абалдары жакшыртылып, каттамга чыгууга даярдалды.

Коомдук унааларды оңдоого “ Улуу Кыргызстан” партиясынан  Нарын шаардык Кеңешинин депутат болуп  келген жарандар демөөрчүлүк кылып оңдоо үчүн каражат беришкен. Мындай  каржылык колдоо жана кызматташтык үчүн Нарын шаардык мэриясы демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирет.

Быйыл 3 троллейбусту каттамга  чыгаруу аракети көрүлүп, жергиликтүү бюджеттин каржылоосунда үчүнчү троллейбус ондолот жана ошол эле учурда Нарын шаарына кошумча троллейбус алып келүү жумуштары жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий