ТРОЛЛЕЙБУСТАР КЕЧКИ СААТ 19:00 ГӨ ЧЕЙИН ИШТЕЙТ

20-январда Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров менен биринчи вице-мэр Давид Үсөнбеков Нарын троллейбус ДЭПОсуна барып, жыл ичинде аткарылган иштери боюнча маалымат алды.

Эске салсак, Нарын троллейбус ДЭПОсу 1994-жылдын аягында ишке киргизилген. Экологиялык жактан таза, деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан. Нарын элине социалдык кызмат кылып келе жаткан коомдук транспорт . Мэриянын алдындагы жергиликтүү бюджеттен каржыланган муниципалдык ишкана болуп эсептелинет.

Учурда бул жерде он төрт кызматкер эмгектенет. Төрт троллейбустун экөөсү 15 км троллейбустук линия менен он беш минута аралыкта таңкы 7:30дан кечки 18:30га чейин иштейт.

ДЭПОнун иштери менен таанышкан шаар башчысы Нурбек Молдокадыров жетекчиси Рахат Насирдиновго бир катар эскертүүлөрдү жана сунуштарды берип, ушул жылы ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдаганга жардам берерин айтты.

Мындан сырткары, кышкы суукка байланыштуу троллейбустар кечки саат 19:00гө чейин иштөөсүн тапшырды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий