ТУРГУНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДА АЙТЫЛГАН МАСЕЛЕЛЕРДИ ЖЕРИНДЕ КӨРДҮ

22-январда Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров Матен Сыдыков аймагында жашаган тургундар менен жолугуп, көйгөйлөрүн уккан болуучу. Бүгүн, 23-январда айтылган орчундуу маселерди жеринде барып көрүп, тиешелүү мекеме-ишкананын жетекчилерине эскертүүлөрдү берди.

Алардын бири, Нарын дарыясынын жээгиндеги таштанды төгүүчү жердеги таштандылар сууга түшүп жатканы айтылган. Ал жерге барган Нурбек Молдокадыров “Таза-Нарын” ишканасынын жетекчиси А.Сурановду чакыртып, аталган жерди ирээтке келтирүү, айланасын коопсуз кылып тозуу тапшырмасын берди.

Кийинки көйгөйлөрдүн бири аймактагы эски көрүстөндүн ордуна башка бир социалдык обьект курса болобу?- деген сунушун аймактын тургуну билдирген эле. Ал жерге да барып, Нарын Казыяты менен кеңешип иш жүргүзүү керектигин айтты.

Ал эми Ж.Акималиев сейил багы тууралуу да келечектеги пландар талкууланып, мындан сырткары айтылган дагы бир катар социалдык маселелер тууралуу иш пландар мерчемделди.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий