ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА

Бүгүн, 3-июлда Нарын шаардык мэриясында мамлекеттик жана саясий ишмер, чейрек кылым Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи секретары болгон Кыргыз Эл баатыры, тарых илимдеринин кандидаты Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган илимий конференция өткөрүлдү.

Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Т. Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу максатында жана анын туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо” боюнча Жарлыгын жетекчиликке алуу менен уюштурулду.

Илимий-конференцияда документалдык фильм көрсөтүлүп, жергиликтүү окумуштуулар жана Турдакун Усубалиевдин замандаштары, мамлекеттик кызматта бир мезгилде иштеген үзөңгүлөштөрү тарабынан докладдар окулуп, бул улуу инсандын өмүр-таржымалы, кыргыз элине, жерине сиңирген опол тоодой эмгеги даңазаланды.

Добавить комментарий